Жанылыктар

Конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу

Манас району Уч-Коргон айыл өкмөтү

Кыргыз республикасынын 2019-жылдын 9- октябрындагы “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” № 535 токтому менен бекитилген ЖОБОнун 71-беренесине ылайык конкурс жарыялайт

Конкурс өткөрүлүүчү жер жана күнү: Кызыл-Жылдыз айылы, О.Торогелдиев көчөсү № 14.

Конкурс 2024-жылдын 30-октябрынын саат 11-00 до болот. Документтерди кабыл алуу 30-октябрь 10-00 до токтойт.

Буюму: Уч-Коргон айыл аймагынын № 2 контурдагы 2,0 га жердин 0,15 га аянтына 25 лоттон турган, жеңил типтеги курулма коммерциялык пункттарды ачуу үчүн 25 жылга ижарага берүү колдонуу укугуна конкурс жарыялайт.

Ижара акысынын суммасы ар бир айына : ар бир лотко 5000 сом.

КОНКУРСТУН ШАРТТАРЫ:

– Конкурска катышууга Кыргыз Республикасынын жараны болуш керек.

– Уч-Коргон айыл өкмөтүндө 3 жылдан кем эмес жашаган жаран болуш керек.

-жеңүүчү мамлекеттик органдар тарабынан аткарылган акы төлөнүүчү кызматтардын көлөмүн, алынбай калган пайда жана айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуларын ордун толтуруу төлөмдөрүн төлөйт жана эскиздик проектин төлөмдөрүн.

-конкурстун жеңүүчүсү жогоруда көрсөтүлгөн чыгымдарды төлөө жөнүндө квитанцияны көрсөтүлгөндөн кийин келишим түзүлөт.

– Салык жана соц фондон карызы жок болуш керек.

– конкурска катышууга берилген арыздар

– Берилген жер аянттары 2025-жылдын 1-февралына чейин курулуш иштери бүтүш керек. Талаптар аткарылбаса жер аянты кайра айыл өкмөтүнө өткөрүлөт.

– Эскиздик долбоорго жооп бериш керек.

– Салыкка катталгандыгы жөнүндө  аныктама.

Уч-Коргон айыл өкмөтү

uch-korgon.com.kg  сайтына жарыяланды.

Scroll to Top